Жогорку Кеңештин депутаты Болот Ибрагимов Баткенде чек араны тосууда колдонула турган түркүктөр тик учак менен ташылып баштаганын билдирди. Ал соцтармактагы баракчасына видео жарыялады.
Буга чейин Ибрагимов чек араны тосууда колдонулуучу материалдарды чек арачылар тоого ат менен алып чыгып жатышкандарын айтып чыккан. Коргоо министрлиги бул иш үчүн тик учак бөлүнөрүн убада кылган.