
Бишкек шаарынын мэринин мурдагы орун басары
Максатбек Сазыкуловго карата козголгон кылмыш иши токтотулду. Маалыматты бүгүн, 22-августта Жогорку Соттун басма сөз кызматы тастыктады.
Маалыматта мындай чечимди Жогорку Сот анын аракеттеринде кылмыштын курамы жок деген негизде 3-август күнү чыгарганы айтылат. Чечимде ошондой эле Ленин райондук сотунун 2025-жылдын 26-сентябрындагы жана Бишкек шаардык сотунун 2026-жылдын 9-мартындагы өкүмдөрү жокко чыгарылганы белгиленген.
Эске салсак, УКМК 2024-жылдын 5-июнунда Максатбек Сазыкуловду
кармаган. Ага кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген айып тагылган. Анын кармалышы боюнча калаа башчысы
Айбек Жунушалиев комментарий берип, Сазыкуловго аким болуп турган кезиндеги аракеттери боюнча кылмыш
иши ачылганын айткан.