Ош шаарындагы "ОшТВ" телеканалын УКМКнын кызматкерлери бүгүн, 31-январда тинтүүгө алышты. Муну аймактык кабарчыбыз билдирди. Тинтүү болгонун телеканалдын башкы директору Эрнис Кыязов өзү да интернет баракчасы аркылуу жарыялады. УКМКнын кызматкерлеринде тинтүү жүргүзүү үчүн соттун уруксат кагазы болгон.