"ОшТВнын" кабарчысы: “УКМКнын кызматкерлери бизден архивдик материалдарды сурашты, бирок берген жокпуз”  

Ош шаарындагы "ОшТВ" телеканалын тинтүүгө алган Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери телеканалдын архивдик материалдарын сурашты. Муну аталган телеканалдын кабарчысы Үсөн Акун уулу бизге билдирди. Айтымында, "телеканал Оштун мэрин шайлоо учурунда бир тараптуу (Мелис Мырзакматовду колдоп) маалымат таратты" деп айыпталууда. 

“Шайлоо учурунда тартылган жана эфирден көрсөтүлгөн материалдарды алып кетебиз дешти. Материалдар сакталган компьютерди берсек, эфир үзгүлтүккө учурай турганын айттык. Анан кетишти”,- дейт Акун уулу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан