30-январда президент Алмазбек Атамбаев “Эл жана турак жай фондун каттоо жөнүндө” КРнын мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду. Жогорку Кеңеш 2013-жылдын 18-декабрында кабыл алган бул мыйзам ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун инвентаризациялоо боюнча Юстиция министрлигине караштуу Нормативдик укуктук актыларды инвентаризациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын алкагында мыйзамдардагы карама-каршылыктарды жана кемчиликтерди жоюу максатында иштелип чыккан.
“Эл жана турак жай фондун каттоо жөнүндө” мыйзам КРнын Конституциясына, “КРнын Өкмөтү жөнүндө” конституциялык мыйзамга, “КРнын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамга, “Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө” мыйзамга жана КРнын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык келтирилет.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.