Президент Алмазбек Атамбаев 30-январда “КРнын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койду. Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2013-жылдын 26-декабрында кабыл алынып, ал жазык-процесстик жана жаза-аткаруу мыйзамдарынын ортосундагы түрдүү айырмачылыктарды жоюуга багытталган.
Тактап айтканда, Жазык-процесстик кодексинин 363-беренесинин 1-бөлүгүндөгү “өкүмдү аткаруучу мекеменин администрациясынын же жазаны аткарууну жүргүзүүчү органдын” деген сүйлөм “жазаны аткарууну жүргүзүүчү мекеменин зардалынын же органдын” деген сүйлөм менен алмаштырылды.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.