Бүгүн, 1-февралда КРнын Өкмөтүнүн 2013-жылдын жыйынтыгын чыгаруучу отурумунда Транспорт жана коммуникация министрлигинин статс-катчысы Максатбек Дыйканбаев “Бишкек-Ош унаа жолу эртең ачылат. Азыркы тапта жолду кардан тазалап жатышат” деп билдирди. Анын айтымында, кар көчкү жана жааган кардан унаа жолун тазалоо иштери кызуу жүрүүдө. Эске салсак, стратегиялык жол кар күрткүсү түшкөн соң убактылуу жабылган эле.