Бүгүн, 1-февралда КРнын Өкмөтүнүн 2013-жылдын жыйынтыгын чыгаруучу
отурумунда энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев
“энергоресурстардын
ишин жеңилдетүү үчүн электр энергиясынын колдонуучуларын газ жана көмүр
пайдаланууга өткөрүү зарыл” деп билдирди.
Анын айтымында, бул тармактын абалын жөнгө салуу үчүн орусиялык “Газпромдун”
Кыргызстандын рыногуна кирүү процессин тездетүү менен жаратылыш газын өлкөгө
алып кирүүнү көбөйтүү керек.
Ошондой эле көмүр казып алууда өткөн жылы өсүш болгонун кошумчалады.
2013-жылы 1 миллион 400 миң тонна көмүр казылып алынса, 2012-жылы бул
көрсөткүч 1 миллион 100 миң тоннага барабар болгон.
Мындан сырткары 2014-жылы
көрсөткүчтү 1 миллион 500 миң тоннага жеткирүү болжолдонуп жатканын айтты.