КРнын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев бүгүн, 1-февралда 2013-жылдын жыйынтыгын чыгаруучу отурумдун жүрүшүндө Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы Дүйшөнбек Зилалиевдин докладын окууга мүмкүнчүлүк берген жок.
Д.Зилалиев сөз баштаар алдында Мамлекеттик геология агенттигин башкарганына 6 ай болгондугунан улам доклад окууга 5 мүнөт жетерин айтты. Ал көйгөйлүү кен иштетүү аймактарынын азыркы абалы менен таанышып келгенин маалымдады. Өкмөт башчы “Агенттикти 1 күн жетектесеңиз да, мекеме үчүн жооп беришиңиз керек болчу. Бүгүнкү отурумга даярдыгыңыз жок” деп аны токтотту.