Биз социалдык тармакта

Милиция күрөк, таяк менен кол салгандар боюнча маалымат берди

Бишкек шаардык милициясы Бишкекте эмерек кампасында мушташ чыгаргандар кармалганын кабарлады.

Маалыматта окуя 26-августта болгону айтылат. Милицияга аял киши арыз жазып, жолдошу менен уулу бир топ адамдар тарабынан ур-токмокко алынганын айткан. Ошол эле күнү шектүүлөр колго түшүшкөн.

Жабырлануучуларга карата соттук-медициналык экспертиза дайындалып, факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) менен кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Буга чейин соцтармактарда күрөк, таяк менен куралданган топ адамдар 2 жаранды сабап жатышканы тартылган видео тараган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан