Өкмөт Мамлекеттик салык кызматына транспорттук салыктарды чогултууну көбөйтүү боюнча тапшырма берди

Бүгүн, 1-февралда КРнын Өкмөтүнүн 2013-жылдын жыйынтыгын чыгаруучу отурумунда премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Мамлекеттик салык кызматына транспорт жана жаңы курулуштар үчүн административдик салыктарды чогултууну жакшыртуу боюнча тапшырма берди. Анын айтымында, 623 миң унаанын 472 миңинен гана чогултулат. 

“Жүк ташуучуларга салык салуу боюнча иш-аракеттер жокко эсе. Жүк ташыган унаалардын 80 пайызы Сосновка өткөрүү бекетинен патентсиз өтүп кетишет. Бул жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн салык чогултууга кызыгуусу жок экенинен кабар берет. Акимдер да бул багытта иштеши керек”,- деди өкмөт башчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан