Бишкекте 5–19-август аралыгында миграциялык мыйзамдарды бузуу фактыларын аныктоого багытталган "Нелегал" рейди өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 28-августта УКМКдан билдиришти.
Маалым болгондой, иш-чаранын жүрүшүндө 156 чет өлкөлүк жаран милиция бөлүмдөрүнө жеткирилди. Текшерүүнүн жыйынтыгында 97 административдик протокол түзүлүп, жалпы 1 миллион 148,5 миң сом айып пул салынды.
Мындан тышкары, 20-августта чет өлкөлүк жарандардын мыйзамсыз курьердик ишмердүүлүгүн аныктоо максатында "Нелегал Мото-курьер" рейди өтүп, анда 48 чет өлкөлүк жаран милицияга жеткирилип, 33 административдик айып пул салынып, жалпы суммасы 322 миң сомду түздү.