Биз социалдык тармакта

Быйыл Садыр Жапаров Тогонун өкмөт башчысы менен экинчи ирет жолугушту

Бүгүн, 31-августта президент Садыр Жапаров Кыргызстанга келген Тогонун министрлер кеңешинин төрагасы Фор Эссозимна Гнассингбе менен жолугушту.

Өлкө башчысынын басма сөз кызматы маалымдагандай, жолугушууда эки өлкөнүн саясий, соода-экономикалык жана маданий байланыштарын кеңейтүү, ошондой эле БУУ жана башка эл аралык уюмдардын алкагындагы кызматташтыкты күчөтүү маселелери талкууланды.

Жапаров Тогого Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук кеңешинин 2027–2028-жылдарга туруктуу эмес мүчөлүгүнө шайланышын колдогону үчүн ыраазычылык билдирди.

Эскерте кетсек, Гнассингбе быйылкы жылдын апрель айында расмий мамлекеттик сапары менен Кыргызстанга келип, Садыр Жапаров менен жолугуп кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан