Биз социалдык тармакта

Индиянын премьер-министри Бишкекте Махатма Гандинин эстелигине гүл койду 

Бүгүн, 31-августта Индиянын премьер-министри Нарендра Моди Бишкек шаарындагы Махатма Гандинин эстелигине гүл койду. Бул тууралуу премьер-министр соцтармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

"Бүгүн эртең менен Бишкек шаарында Махатма Гандинин эстелигине барып, анын элесине таазим кылдым. Гандинин ойлору биздин аң-сезимибизге ар дайым теңдешсиз таасир тийгизет",- деп жазган ал.

Белгилей кетсек, Нарендра Моди кечээ, 30-августта Кыргызстанга жумуш сапары менен келген. Бүгүн, президент Садыр Жапаров менен жолугуп, эки өлкөнүн кызматташтыгын кеңейтүү маселелерин талкуулашты.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан