Бишкектин Свердлов райондук администрациясына 2013-жылы жарандардан 400дөй кайрылуу түшкөн
Бишкек шаарынын Свердлов райондук администрациясына 2013-жылы жарандардан 400дөй кайрылуу келип түшкөн. Алардын 3 968и жазуу түрүндөгү, 181и оозеки кайрылуу. Материалдык жардам көрсөтүү боюнча 618, үйлөрдү оңдоо, жылытуу жана башка коммуналдык маселелер боюнча 293, жаңы конуштар боюнча 166, жер маселеси боюнча 97, коомдук транспорттун иши боюнча 127, кафе, ресторандардын иштери боюнча 37, кичи базарлардын иши боюнча 16, шаардын санитардык абалы боюнча 151, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын иштери жана башка маселелер боюнча 57 кайрылуу келип түшкөн.