Бүгүн, 3-февралда ЖКнын эки комитетинде "Кумтөр" маселеси каралат

Бүгүн, 3-февралда парламенттеги Эл аралык иштер жана Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитеттеринде "Кумтөр" маселеси каралат. Жантөрө Сатыбалдиев баштаган өкмөт өкүлдөрү "Кумтөр" боюнча жаңы меморандумду жактап, депутаттардын суроолоруна жооп беришет. Айта кетсек, аталган маселе буга чейин парламенттин бир катар комитет, фракцияларында каралды. "Ата Мекен" фракциясы жаңы меморандумду четке какса, КСДП фракциясы колдоду, "Ата Журт" өкмөттүн маалыматын эске алуу менен палатага алып чыгуу чечимин кабыл алды. ЖКнын жыйынында "Кумтөр" маселеси 5-февралда каралат. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан