1-февралда өткөн өкмөттүк жыйында премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Саламаттыкты сактоо министрлигинин ишин сынга алды. Айтымында, министрликтин 2013-жылдагы иши канааттандырарлык эмес.
“Саламаттыкты сактоо тармагында реформа кылуу үчүн сиздин министрликте конкреттүү иштердин системи жок. Былтыр ооруканаларды капиталдык оңдоодон өткөрүү үчүн 500 миллион сом бөлүнгөн. Кемин районундагы 5 миллион сом чыгымдалган оорукана бүтпөй калды, каражат эффективдүү колдонулган эмес”,- деди өкмөт башчы саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаевага.
Сатыбалдиев эки жарым жылдан бери саламаттыкты сактоо министри тармакты тартипке сала албаганын белгиледи.