Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында Көчмөндөр оюндарынын алкагында өтүп жаткан жер улактан (көкпар) Орусия курамасы венгриялык атаандаштарын утуп алды.
Беттеш 11:1 эсебинде аяктады. Жер улактан мелдештер бүгүн, 2-сентябрда башталып, алгачкы оюнду Кыргызстан менен Монголия курамалары өткөрүштү.