“Ден соолук” мамлекеттик программасы өзүнө 4 багытты камтыйт”,- деп билдирди 1-февралда өкмөт жыйынында саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаева. Алар: Эне менен баланын оорусун, өлүмүн азайтуу, жүрөк-кан тамыр ооруларын, кургак учук жана ВИЧти азайтуу жана оорулардын алдын алуу.
“Былтыр күндүзгү стационарлардын иши жанданып, 20 миң жаран ооруканага келбей эле ден соолуктарын чыңдап алышты”,- дейт министр.