Биз социалдык тармакта

Нарынга алып барам деп... Туристти алдоого шектелген таксист кармалды (видео)

Ысык-Көлдө туристти алдоого шектелген таксист кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 2-сентябрда Ысык-Көл облусу боюнча ЖКККБнын маалымат кызматы билдирди.

Буга чейин чет элдик турист социалдык тармактарда Караколдон Нарынга баруу үчүн унааны 12 миң сомго жалдаганын, бирок айдоочу жолдо башка жүргүнчүлөрдү да алып кеткенин жазган. Анын айтымында, айдоочу аны Балыкчыга чейин жеткирип, андан ары маршруттук таксиге отургузуп койгон.

Бул окуя коомчулукта нааразычылык жаратып, милиция иликтөөнү баштаган.

Натыйжада 34 жаштагы айдоочу табылып, анын такси кызматын көрсөтүүгө лицензиясы жок экени аныкталган. Ага лицензиясыз ишкердик жүргүзгөнү үчүн 7,5 миң сом айып салынды. Унаасы айып короосуна киргизилди. Текшерүү иштери уланууда.

Ысык-Көлдө туристти алдоого шетктелген таксист кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан