Өкмөттүн 1-февралдагы жыйынында премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев 2014-жылы дыйкан, фермерлерге 5 миллиард сом жеңилдетилген насыя берүү пландалып жатканын айтты. Айтымында, “Айыл чарбаны каржылоо-2” долбоорун бекитүү боюнча токтомго кол коюлду.
“Дыйканчылык кылгандарга насыяны төлөө мөөнөтү 1 жылдан 2 жылга узартылды. Мал чарбачылыгы менен алектенгендер үчүн мурдагыдай 2 жыл бойдон калды. Фермерлер үчүн насыянын үстөгү 10 пайыз бойдон, айыл чарба өндүрүшүндөгүлөргө 10 пайыздан 9 пайызга азайды”,- дейт Сатыбалдиев.