Украина оппозициясынын лидерлери акчалай жардам көрсөтүү өтүнүчү менен батыш өлкөлөрүнө кайрылышты. Муну ММКларга Арсений Яценюк билдирди.
“Биз батыштагы өнөктөштөрүбүз менен сүйлөшүп, каржылык жардам керектигин айттык”,- дейт ал.
Айта кетсек, Арсений Яценюк менен "УДАР" партиясынын лидери Виталий Кличко январь айынын аягында Германияга барышкан. Анда бир катар батыштык саясатчылар менен сүйлөшүү жүргүзүшкөн. Алардын ичинде АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри жана Евробиримдиктин өкүлдөрү бар.