Бүгүн, 3-сентябрда Кырчын этно-шаарчасынын аймагында кыргызстандык аксакалдын ден соолугу кескин начарлап, ӨКМдин мобилдик госпиталына кайрылды. Дарыгерлер текшерүүдөн өткөргөндөн кийин бейтапты тез арада Балыкчы шаарындагы ооруканага жеткирүү чечимин кабыл алышты.
Жаран ӨКМдин тик учагы менен эвакуацияланып, Балыкчыдагы дарыгерлерге өткөрүлүп берилди.
Учурда министрликке таандык тик учактар Кырчын аймагында нөөмөттө турат.