UFC чемпиону Валентина Шевченко көк бөрү оюндарынын ачылышында сөз сүйлөп, Кыргызстан курамасына күйөрмандык кыларын айтты.
"Мен сиздер менен бүгүнкү майрамда бирге болгонума кубанычтамын. Көк бөрү - бул мыкты спорт түрү, жигиттик оюн, ошондой эле кооз жана ат менен айкалышкан спорт. Баарыңыздарга рахмат. Кыргызстан алга!",- деди ал.
Айта кетсек, Шевченко VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын амбассадору болгон.