VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын амбассадору, UFC чемпиону Валентина Шевченко Кыргызстанга келди.
Уюштурууучулар билдиргендей, аны бүгүн, 28-августта "Манас" аэропортунан тосуп алышты. Ал өлкөдө өтө турган Көчмөндөр оюндарынын алкагындагы маанилүү спорттук мелдештерге катышып, бир катар иш-чараларга күбө болот.
Валентина Шевченко Кыргызстанды дүйнөлүк аренада тааныткан белгилүү спортчулардын бири.