Биз социалдык тармакта

Бетке чаап... Бишкекте чыр салган айдоочу кармалды

Бишкекте коомдук тартипти бузууга шектелген айдоочу кармалды. Бул тууралуу Кайгуул кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 4-сентябрда саат 11:00 чамасында Honda Odyssey үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу башка айдоочуга агрессивдүү мамиле жасап, алгач анын унаасын желим бөтөлкө менен урган. Андан соң унаадан түшүп, жаранды бетке чапкан жана окуя болгон жерден изин жашырып кеткен.

Шектүү кармалып, милиция бөлүмүнө жеткирилди. Ал эми анын унаасы айып короого киргизилди.

Бетке чаап... Бишкекте чыр салган айдоочу кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nyrbekali87
2026-09-04 14:30:00
Буга окшогон акмактарга эң катаал санкцияларды колдонуу керек. Көчөдөн бирөөгө кол көтөргөн айбандарга 2 ай камак жана 200 000 сом штраф бериш керек. Башкаларга сабак болуш үчүн мындай бузукуларга жаза бербесе, бузукулар эч качан азайбайт.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан