Сузак районунда бир нече жаштардын катышуусунда массалык мушташ болуп, анын жүрүшүндө ок атуучу курал колдонулган. Бул тууралуу Жалал-Абад облусунун ички иштер башкармалыгынан маалымдашты.
Маалымдалгандай, окуя 22-августка караган түнү катталып, аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Кылмышка шектүү катары 25 жаштагы жана 26 жаштагы 3 жаран кармалды. Учурда тергөө иштери улантылууда.