Жогорку Кеңештин депутаттары Айнуру Алтыбаева менен Майрамкүл Тиленчиева 1-февралда Бишкектеги Ботаникалык бакчага барып, анын көйгөйлөрү менен таанышты. Ботаникалык бакчанын директору Туратбек Мүсүралиевдин айтымында, Бишкек шаарында жалпы аянты 150 гектар 3 тилкеде 500дөн ашуун дарактын түрү өстүрүлөт. Сугат суусунун тартыштыгынан улам дарактар куурап жатат. “Айрым учурларда бакчадагы дарактарды өзүбүз кыюуга туура келет. Анткени кыйылган дарак ордун жаңыртуу зарыл”,- дейт Мүсүралиев. Директор 150 гектар аянтты 2 адам гана сугарып, алардын маянасы 3200 сом экенин кошумчалады.
Депутаттар бакча аймагына орундуктарды орнотуп, балдар аянтчаларын куруу менен, сейил жерлерин жарык кылууну сунуштады.