Кечээ, 2-февралда саат 16:00 чамасында Саруу жана Кызыл-Суу айылдарын текшерүү учурунда ИИМдин кызматкерлери массалык баш аламандыктарды уюштуруу фактысы боюнча издөөдө жүргөн Саруу айылынын тургуну Сарыбаев Айбекти колго түшүрүштү. Бул тууралуу бүгүн, 3-февралда Ысык-Көл облустук ИИБинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ 1981-жылы туулган Айбек Сарыбаевден тышкары Саруунун дагы 6 тургуну кошо кармалган. Сарыбаев мамлекеттик номуру жок Хонда-Одиссей унаасы менен Ысык-Көл облусунун аймагында жүргөн. Кармоо учурунда укук коргоо органдарына каршылык көрсөтүп, качып кетүүгө аракет кылган. Кызыл-Суу айылында унаасында качып бара жатып эки унаа менен кагылышып кеткен. "Милиция кызматкерлери тарабынан сабалды" деген тыянак чыгарыш үчүн өзүнүн денесине атайын залал келтирген. Унаасынан 3 рация, 3 бет кап, ИЖ 16 калибрлүү 2 мылтык, 18 ок табылган.
Ал эми 2013-жылдын 7-октябрында Ысык-Көл облусунда орун алган баш аламандыкты уюштурууга активдүү катышкандыгы үчүн издөөдө жүргөн. Сарыбаев тиешелүү органдарга тапшырылып, иликтөө иштери башталды. Эске салсак, ага массалык баш аламандыктарды уюштургандыгы үчүн кылмыш иши козголуп, 18-январдан тарта издөөдө жүргөн. Саруу айылынын тургундары Сарыбаев кармалган соң Каракол-Балыкчы унаа жолун жабышкан. Учурда ИИМдин кызматкерлери жолдун буулушу боюнча изилдөө иштерин жүргүзүп жатышат.