Бүгүн, 3-февралда ЖКнын Эл аралык иштер жана Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитеттеринин кошмо жыйынында айыл чарба жана мелиорация министрлик кызматына Таалайбек Айдаралиевдин талапкерлиги каралды.
Талапкер өлкөдөгү айыл чарба тармагы боюнча пикирин билдирип, тармакты өнүктүрүү боюнча жасай турган иштерин айтты.
Айта кетсек, Т.Айдаралиев учурда Кыргызстандын үрөнчүлөр ассоциациясынын төрагасы болуп иштейт.