Ош шаарындагы "ОшТВ" телеканалынын журналисттери бүгүн, 3-февралда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматынын имаратынын алдына нааразылык акциясына чыгышты. Алар “Биз сөз эркиндиги үчүн!”, "Бөрк ал десе баш алмайды токтоткула!", "Бүгүн "ОшТВ", эртең ким?" деген жазууларды кармап, ооздорун скотч менен жаап алышкан. Эске салсак, 31-январда аталган канал УКМКнын кызматкерлери тарабынан тинтүүгө алынган эле.