
Талас облусунда мал уурулукка шектелип 30 жана 31 жаштагы эки жаран кармалды. Бул тууралуу 7-сентябрда облус милициясынан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, алар 15-августка караган түнү Ак-Дөбө конушунда жайгашкан мал сарайдан эки баш уйду уурдашкан. Андан соң Айтматов районундагы мал базарга 200 миң сомго сатып, акчасын бөлүп алышкан.
Бул факты боюнча шектүүлөргө карата Кылмыш-жаза кодексинини 205-1-беренесинин (Мал уурдоо) негизинде кылмыш иши козголуп, Талас райондук соту тарабынан үй камагына чыгаруу чарасы тандалган.