2013-жылы “Кумтөрдөн” 145 миллион доллар киреше түшсө, Кыргызстанга 12 миллион доллары тийди. Муну “Кыргызалтын” ишканасынын директорлор кеңешинин мүчөсү Кылычбек Шакиров бүгүн, 3-февралда ЖКдагы эки комитеттин кошмо жыйынында билдирди. Депутаттар “145 миллион пайда тапса, 33 пайыз менен Кыргызстан эмне үчүн 12 гана миллион доллар алат?” деп суроо беришкен эле.
Кылычбек Шакиров: “Муну директорлор кеңеши чечип коюуда. Азыр директорлор кеңешинде кыргыз тараптан 3 гана мүчө бар. Биз канчалык аракет кылганыбыз менен, калган 8 мүчө кол көтөрүп коюуда. Эгер жаңы ишкана түзүлсө, буга жол берилбейт”,- деди.
Айта кетсек, бүгүн Эл аралык иштер жана Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитеттеринин кошмо жыйынында “Кумтөр” боюнча өкмөттүн жаңы меморандуму каралууда.