Биз социалдык тармакта

Ошто баңгизат саткан топтун эки мүчөсү кармалды

УКМК баңгизаттарды жана тыюу салынган психотроптук заттарды мыйзамсыз ташып келип, Ошто сатуу менен алектенген транс-чек аралык кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт койду. Бул тууралуу бүгүн, 8-сентябрда атайын кызматтын мааалымат борбору билдирди.

Маалым болгондой, атайын операция учурунда 4-сентябрда психотроптук заттардын ири партиясын сатып жаткан жеринен С.у.Н. жана И.М. аттуу эки жаран кармалды.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси менен кылмыш иши козголду. Шетүүлөр УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Учурда УКМК кылмыштуу топтун башка мүчөлөрүн аныктоо боюнча иш алып барууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан