Бүгүн, 3-февралда Коргоо кеңешинин жыйынында КРнын Президенти Алмазбек Атамбаев "Кыргызстанда айрым саясатчылар ислам динин саясий курал катары колдонууга аракет кылышууда. Биз мындайга бербешибиз керек” деп билдирди.
"Өлкөдө Конституция боюнча дин мамлекеттен бөлөк каралат. Ага ылайык, диний уюмдар мамлекеттик органдарынын ишине кийлигише алышпайт. Бирок мамлекеттик органдар дин уюмдарынын ишине аралашканга укугу бар. Динди саясий курал катары колдонуу жакшылыкка алып келбешин да көрүп жатабыз. Ооганстан, Египет, Сирия, Пакистандагы кырдаалды мисал катары айтса болот. Аталган мамлекеттерде эл экиге бөлүнүп, жарандык согуш болуп жатат”,- деди президент.