Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы: "Саруулуктар жабылган жолду ачышпаса, мыйзам чегинде чара көрүлөт"

Саруулуктар жабылган жолду ачышпаса, мыйзам чегинде чара көрүлөт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 3-февралда Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, саат 10:00 чамасында 50-60тай адам Каракол-Балыкчы унаа жолун бууп турган.

“Октябрь айында Каракол шаарындагы баш аламандыктарды уюштургандар" деп шектелип Айбек Сарыбаев жана аны менен бирге 6 бала кармалган. Бирок алар ошол эле күнү коё берилди. Кармалгандардын эч кимисине зордук-зомбулук көрсөтүлгөн жок. Саруулуктар “Сарыбаев бошотулсун” деп жатышат. Бирок биз “ал бошотулбайт” деп айтканбыз. Бул жооп аларга жакпагандыктан жолду бууп салышты”,- деди Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматкери Сталбек Усубакунов.

Эске салсак, Айбек Сарыбаев “2013-жылдын 7-октябрында Каракол шаарындагы баш аламандыктарды уюштургандардын бири” деп шектелип 2-февралда кармалган. Ал укук коргоо органдарына каршылык көрсөтүп, качууга аракет кылган. Тинтүү учурунда анын унаасынан бет кап, рация жана мылтык табылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан