Екатеринбургда талап-тоноочулук менен алектенген Кыргызстандын жараны кармалды

Орусия Федерациясынын Свердлов облусунун борборунда өткөн-кеткендерди талап-тоноо фактысы боюнча 27 жаштагы Кыргызстандын жараны жана анын орусиялык таанышы кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 3-февралда орусиялык басылмалар кабарлашты.   

Маалыматка ылайык, кылмышка шектүү деп кармалгандар курулушта иштешет. Жумуш убактысынан тышкары каракчылык менен алектенишкен. Аларга колундагы буюмдарын жулдуруп, токмок жегендердин көбү кары-картаңдар болуп келген.  

Алар кезектеги жосундарын дүкөндөн чыгып, үйүн көздөй бет алган жубайларга каршы жасашкан. Бул жолу колунан уюлдук телефонун, капчыгын жана азык-түлүгүн кошо жулдурган аялын коргомокчу болгон жаран сокку жеп, жаак сөөгү жабыркаган. Дал ушул эки тоноочу жарым саат өтпөй дагы бир улгайган айымдын сумкасын жула качышкан. Жыйынтыгында ал полицияга кабар берип, алардын кармалуусуна шарт түзгөн.  

Жабырлануучулардын көрсөтмөсү боюнча, кылмышка шектелип кармалгандар Орусиянын жана Кыргызстандын жарандары экени аныкталды. Орусиялык буга чейин соттолгон. Ал эми Кыргызстандын жараны үй-бүлөлүү жана 2 баланын атасы.  

Учурда кылмышка шектүүлөр убактылуу кармоочу жайда. Алардын кем дегенде 7 жылга эркинен ажыратылары күтүлүүдө. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан