“Кумтөр” маселеси: 2003-жылы өлкөдөн чыгарылып кеткен 11 миллион доллар боюнча тергөө жүрүп жатат

2003-жылы “Кумтөрдөн” мыйзамсыз жол менен чет өлкөгө чыгарылып кеткен 11 миллион доллар боюнча тергөө жүрүп жатат. Муну бүгүн, 3-февралда ЖКнын эки комитетинин кошмо жыйынында башкы прокурордун орун басары Темирбек Бекмамат уулу билдирди. Айтымында, бул факты боюнча материалдар аз.

“Бул иш өтө кылдаттык менен жасалган. Биздин юрисдикцияда кылмыш ишинин элементтери жок болууда. Тергөө уланып жатат. Акча кандай жол менен чыгарылып кеткени боюнча тийиштүү тарапка суроо каты жиберилди”,- деди Бекмамат уулу.

Айта кетсек, Эл аралык иштер жана Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитеттеринин кошмо жыйынында “Кумтөр” боюнча өкмөттүн жаңы меморандуму каралууда.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан