Акылбек Сариев: “Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештин ишине кийлигишип, чектен чыгып кетүүдө”

Бүгүн, 3-февралдагы маалымат жыйынында шайлоо боюнча адис Акылбек Сариев “Конституция боюнча, мамлекеттик органдар жергиликтүү кеңештердин ишине кийлигишүүгө укугу жок. Азыр алар аралашып, чектен чыгып жатышат” деп билдирди.

Анын айтымында, шаарлардын мэрлерин жана айыл өкмөттөрүнүн башчыларын мыйзам түрүндө жергиликтүү кеңештердин депутаттары өз сессиясында шайлашы керек.

“Бирок ошол эле учурда “аймактык шайлоо комиссиялары мэрлердин жана айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону өткөрөт” деп мыйзамда жазылып турат. Ошондуктан "январь айында шайланган Ош жана Бишкек шаарларынын мэрлери мыйзам чегинде тандалган жок деп ойлойм”, - деди Сариев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан