“Кумтөрдү” улутташтырсак, “Центеррага” тез арада 3 миллиард 800 миллион доллар төлөп берүүгө мажбур болобуз”,- деди бүгүн, 3-февралда ЖКнын эки комитетинин кошмо жыйынында биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев. Айтымында, өкмөт улутташтыруунун айынан өлкөгө келтириле турган зыянды эсептеп чыкты.
“Аталган сумманы 5 жылдын ичинде төлөп беришибиз керек болот”,- деди Оторбаев.
Айта кетсек, Эл аралык иштер жана Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитеттеринин кошмо жыйынында “Кумтөр” боюнча өкмөттүн жаңы меморандуму каралууда.