Бишкектеги «Asia Mall» соода борборунун унаа токтотуучу жайында «Hyundai» жана «Changan» үлгүсүндөгү унаалардын айдоочуларынын ортосунда чыр чыккан. Окуя тартылган видео 9-сентябрда социалдык тармактарга жарыяланган.
Милиция жүргүзгөн иш-чаралардын натыйжасында чыр-чатакка катышкан 2006-жылы туулган К.Ж. жана 1996-жылы туулган М.А. аттуу жарандардын өздүгү аныкталып, Ленин райондук милиция бөлүмүнө жеткирилген.
Аларга Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренеси — «Майда бейбаштык» боюнча протокол түзүлүп, экөө тең убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Бул факт боюнча чогултулган материалдар тиешелүү чечим кабыл алуу үчүн сотко жөнөтүлөт.
Милиция айдоочуларды жолдо бири-бирин сыйлоого, маданияттуу мамиле кылууга жана чыр-чатакка жол бербөөгө чакырды. Пикир келишпестиктерди мыйзам чегинде, тынчтык жолу менен чечүү керектигин эскертти.
Коомдук тартипти бузган жана мыйзамга каршы аракеттер Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келет.