Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Военно-Антоновка айылында 15 жаштагы кыз катуу сабалды. Аталган жагдайдын видеосу социалдык тарамактарга тарап, окуя 21-августта катталганын, өспүрүмдү 4 кыз сабап кеткени айтылды.
Жабырлануучунун апасы кызынын кулагы укпай калганын, денесинде жана бети-башында көк ала тактар бар экенин, шишиги тарай электигин билдирди. Ошондой эле арыз жазылгандан кийин коркутуулар башталганын билдирди.
Ал эми Чүй облустук милициясы кечээ, 9-сентябрда маалымат берип, окуя 21-августта катталганын тастыктап, учурда жашы жете элек кызды ур-токмокко алуу фактысы боюнча текшерүү башталганын билдирди.
Окуя боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, зарыл болгон тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.
Текшерүүнүн жыйынтыгы менен мыйзам чегинде чечим кабыл алынат.