2014-жылдын 8-январынан 15-январына чейин "ОшТВнын" “Багыт” жана “Күн чабыт” программаларынын субтитрлеринде аймактык жаңжал чыгара турган маанидеги смс-билдирүүлөр чыккан. Ошонун негизинде 31-январь күнү "ОшТВнын" имаратында тинтүү иштери жүргөн. Бул тууралуу бүгүн, 3-февралда SUPER.KG порталына УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, текшерүү Ош шаардык сотунун уруксаты менен болгон. Учурда КРнын Кылмыш-жаза кодексинин "улуттук, расалык, диний же аймак аралык кастыкты козутуу" беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.