Биз социалдык тармакта

Бишкекте 92 метрлик айланма дөңгөлөгү бар "Асман" паркы ачылды (видео)

Бишкектин Асанбай кичи районунда кечээ, 9-сентябрда "Асман" паркынын ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Парктын курулушу мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында жүргүзүлүп, долбоорго 1 миллиард сомдон ашык инвестиция жумшалган. Анын жалпы аймагынын 70 пайызы жашылдандырууга бөлүнгөн.

Бул жерде ачык жана жабык аттракциондор, унаа токтотуучу жай жана башка эс алуу зоналары каралган. Ошондой эле бийиктиги 92 метр болгон "Бишкек жылдызы" аттуу айланма дөңгөлөк орнотулган.

Иш-чарага жүздөгөн шаар тургундары жана борбор калаага келген коноктор катышып, парктагы эс алуу жайларын жана аттракциондорду көрүштү.

Ачылыш аземинин жүрүшүндө коомдук коопсуздукка да өзгөчө көңүл бурулган. Милиция кызматкерлери тартипти сактоо менен катар жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылышкан.

Бишкекте 92 метрлик айланма дөңгөлөгү бар "Асман" паркы ачылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан