Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде жарандардын кайрылууларын кабыл алуу үчүн жаңыланган коомдук кабылдама ишин баштады. Бул тууралуу кечээ, 9-сентябрда ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, кабылдамада жарандар үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлүп, заманбап талаптарга ылайык жабдылган. Бул жерде QR-коддор орнотулуп, алар аркылуу жарандар министрге коррупциянын алдын алуу боюнча билдирүүлөрүн, сунуштарын жана сын-пикирлерин түз жөнөтө алышат.
Коомдук кабылдаманы жаңылоонун негизги максаты - жарандардын кайрылууларын ыкчам кароо жана мамлекеттик органдар менен элдин ортосундагы байланышты жакшыртуу.