Биз социалдык тармакта

Бишкекте мыйзамсыз курулуштарга каршы рейддер уланууда

Бишкектин райондорунда жер тилкелерин мыйзамсыз басып алууга каршы жана уруксатсыз курулуштарды алдын алуу боюнча рейддер уланууда.

Мэриянын бүгүн, 10-сентябрдагы маалыматына караганда, Ленин районунда текшерүү учурунда мыйзам талаптарын бузган 4 факт аныкталган. Ал эми Свердлов районунда Нуркожо-Ата конушунда мыйзамсыз пайдубал куюу фактысы катталып, материалдар укук коргоо органдарына жөнөтүлгөн.

Биринчи Май районунда 2024-жылдан бери мыйзамсыз тургузулган 171 пайдубал жана бүтө элек курулуш объекти демонтаждалган. 2026-жылы Теңдик конушунда дагы үч мыйзамсыз пайдубал аныкталган.

Октябрь районунда 7-сентябрда үч мыйзамсыз курулуш фактысы аныкталып, курулуш иштери токтотулган. Ошондой эле Анар-Бак конушунда жерди өз алдынча басып алуу фактысы аныкталды.

Мыйзамсыз жер басып алуу жана уруксатсыз курулуштарга каршы көзөмөл иштери Бишкектин бардык райондорунда улантыларын муниципалитеттен билдиришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан