Биз социалдык тармакта

Белгилүү музыкант Лео Рохас Сезимдин талантына суктанды (видео)

Эквадордук музыкант Лео Рохас кыргызстандык ырчы Сезим Коргонбаева менен бирге музыкалык аспапта ойноп, экөө дуэт аткарышты. Алар чыгармачылык жолугушуудан тартылган видеону кечээ, 9-сентябрда социалдык тармактагы баракчалары аркылуу бөлүшүштү.

Сезим Лео Рохас менен жолукканына кубанычта экенин айтып: "Эквадордук музыкант Лео Рохас менен жолугуп, бирге музыкалык аспап ойногонума абдан кубанычтамын. Сынга албаңыздар, убакыт аз болгонуна карабастан сиздерге бир шиңгил тартууладык",- деп жазган.

Ал эми Лео Рохас Сезимдин талантына суктанганын айтып, ага чыгармачылык ийгиликтерди каалаган. Музыкант бул тууралуу өзүнүн Instagram тарыхчасында белгиледи.

Лео Рохас менен Сезимдин дуэти көпчүлүктүн көңүлүн бурду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан