Биз социалдык тармакта

Таласта эндиктин тамырын мыйзамсыз казгандар аныкталды (видео)

Кечээ, 9-сентябрда Талас облусунун Айтматов районуна караштуу Кара-Буура постунан 124,8 килограмм мыйзамсыз казылган эндиктин тамыры колго түштү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Талас аймактык башкармалыгы билдирди.

Маалыматка караганда, эндиктин тамыры башкармалыктын башкы аңчылык адистери жүргүзгөн рейд учурунда аныкталган.

Аталган факт боюнча тиешелүү протокол түзүлүп, алынган эндиктин тамыры жана башка материалдар мыйзамга ылайык кароо жана чара көрүү үчүн Айтматов районунун ички иштер органдарына өткөрүлүп берилди.

Эскерте кетсек, аталган тамырды казууга өлкөдө тыюу салынган.

Таласта 124,8 килограмм мыйзамсыз алынган эндиктин тамыры табылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан