Биз социалдык тармакта

Кыргызстанга эми "робот хирургдар" келишти (сүрөттөр)

Бүгүн, 10-сентябрда Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында Кыргызстандагы алгачкы роботтоштурулган хирургиялык системдин бет ачары болуп өттү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Иш-чарага министр Дамир Осмонов, Жогорку Кеңештин депутаттары Дастан Бекешов жана Нилуфар Алимжанова, медициналык коомчулуктун өкүлдөрү жана адистер катышты.

Презентация учурунда системдин иштөө принциби көрсөтүлүп, министр Дамир Осмонов хирургиялык консолго отуруп, аны башкарууну өзү сынап көрдү.

Министрдин айтымында, операцияны робот өз алдынча жасабайт, бардык аракеттерди хирург көзөмөлдөйт. Систем жабдыктарды так башкарууга, кичинекей кесиктер аркылуу операция жүргүзүүгө жана операциялык талааны 10-15 эсеге чейин чоңойтуп көрүүгө мүмкүндүк берет.

КММАнын клиникалык базасында жакынкы убакта роботтун жардамы менен хирургиялык операцияларды баштоо пландалууда. Ошондой эле быйыл Эне жана баланы коргоо улуттук борбору үчүн дагы бир роботтоштурулган систем сатып алынары айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан