Биз социалдык тармакта

Оштун аэропортунан чет элдик жаран кармалды. Себеби

6-сентябрда Ош эл аралык аэропортунан чет өлкөлүк жаран кармалган. Ал "Esse Change" аттуу тамеки продукциясын ири өлчөмдө өлкө аймагынан мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылганын бүгүн, 10-сентябрда УКМКнын маалымат борбору билдирди.

Маалыматка караганда, шектүү кылмыштуу ишин жашыруу үчүн үчүнчү өлкөлөр аркылуу түзүлгөн аба каттамы менен Кыргызстанга келип, жүктү Ош аркылуу жер үстүндөгү транспорт менен коңшу өлкөгө алып өтүүнү көздөгөн.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренесинин 1-бөлүгү (Экономикалык аткезчилик) менен кылмыш иши козголуп, шектүү УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Учурда мамлекетке келтирилген зыяндын көлөмү аныкталып, мыйзамсыз схемага тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан